Чемпиондор Лигасында чүчү кулак ташталды. Казакстандык "Астана" испаниялык "Атлетико Мадрид" менен бир тайпага түштү (тизме)

Европада клубдар аралык эң абройлуу футбол мелдеши кайрадан старт алды. 27-августта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыккан 32 команда чүчү кулактын негизинде 8 тайпага бөлүштүрүлдү. Көпчүлүк тайпалар жылдагыдан айырмаланып, ири клубдарга жеңил болорун болжоп жатышат.
Бул жылдагы башкы окуялардын бири казакстандык "Астананын" тайпалык баскычка чыкканы болду. Бул клуб эми тайпада испаниялык "Атлетико Мадрид" менен беттешет. "Атлетико Мадрид" 2014-жылы Чемпиондор Лигасынын финалына чыгып, Европадагы абройлуу клубдардын катарынан орун ала алган. 
Кыргыз мамлекетинде жашаган футбол сүйүүчүлөрү казактар сыяктуу эле "Астананын" мадриддик "Реал", туриндик "Ювентус", мюнхендик "Бавария", каталондук "Барселона" өңдүү клубдар менен ойногонун тилек кылышкан. Себеби Астана шаарына барып, азыраак акча коротуу менен өзү жан тарткан клубдун оюнун көрүп келүү көпчүлүктүн кыялы экени сыр эмес.
Тайпаларга көз жүгүртүп көрүңүз:   
"А" тайпасы
ПСЖ (Франция)
Реал Мадрид” (Испания)
Шахтёр” (Украина)
Мальмё” (Швеция)

"В" тайпасы 
ПСВ (Голландия)
Манчестер Юнайтед” (Англия)
ЦСКА (Орусия)
Вольфсбург” (Германия)

"С" тайпасы
Бенфика” (Португалия)
Атлетико Мадрид” (Испания) 
Галатасарай” (Түркия) 
Астана” (Казакстан)

"D" тайпасы 
Ювентус” (Италия) 
Манчестер Сити” (Англия) 
Севилья” (Испания)
Боруссия Мёнхенгладбах (Германия)

"Е" тайпасы
Барселона” (Испания)
Байер” (Германия)
Рома” (Италия)
БАТЭ (Беларусь) 

"F" тайпасы
Бавария” (Германия)
Арсенал” (Англия) 
Олимпиакос” (Греция)
Динамо Загреб (Хорватия)

"G" тайпасы
Челси” (Англия)
Порту” (Португалия)
Динамо Киев (Украина)
Маккаби” (Израиль)

"H" тайпасы 
Зенит” (Орусия)

Валенсия” (Испания)

Лион” (Франция)

Гент” (Бельгия) 


Кошумчалай кетсек, тайпалык баскычта 1 команда калган 3 команда менен экиден оюн (үйдө-конокто системи боюнча) өткөрөт. Тайпалык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16-сентябрга пландалса, акыркы беттештер 8-9-декабрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bazarkyl
2015-08-28 10:40:07
кызык башталды
+1
kamyr26
2015-08-28 10:42:34
Кыргызстан неге жок?
-3
warsaw.
2015-08-28 11:02:58
kamyr26, ХХХ ХХХ ХХХ...!
+3
admin_portal
2015-08-28 11:09:56
warsaw. - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
-3
SHAHDAR
2015-08-28 11:08:27
Хотя бы бироо мн ничья болсо кана, Галатасарай да абдан мыкты
+2
aravan
2015-08-28 11:24:24
кыргыз футболчулары качан ойнойт экен аа
-2
nazira1989
2015-08-28 11:36:35
Футболдун фанаттары уйкудан калышат эми...)))
+1
bakytbek.k
2015-08-28 11:42:03
кыргыздар эвропага кирбейт ошого ойнобойт
0
ulik-89
2015-08-28 12:46:04
Hala Real Madrid
-1
Nusii
2015-08-28 12:59:48
Казакстандын кичине жери Европа жакта жайгашкан , калган болугу Орто Азияда алар Европаны тандашкан!!
+2
Nusii
2015-08-28 13:00:30
Мен Барселона, Челси, Астана клубтарын колдойм ийгилик аларга!!!
+1
Patriot...kg
2015-08-28 14:51:57
Кыргызстан Европага кирбейт.
Казахстандын бир бөлүгү Европага кирет
0
Mars55
2015-08-28 16:16:28
тузук тузук
0
Mars55
2015-08-28 16:19:20
3-сентябрдагы оюунду туз эфирден коро алабызбы
Кыргызстан-Иордания
0
Nur1k_
2015-08-28 17:58:58
Бизге отношениясы жаман болсо да. Казактарга удачи каалап коёюн.
0
Serenada
2015-09-12 23:35:02
Бул жерде Астаналыктар учун жениш максат эмес,Фернандо Торрес баштаган Атлетико мадрид командасы жана башка лидерлер менен ойногондун озу бир аз тажрыйба берет анткени астана мындай жетиштике жеткен биринчи кадамы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан