Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 09:00дөн 21:00гө чейин Чортеков, Гагарин, Бакаев, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Жал кичи району, №4-шаардык оорукана, Ортопедия борбору, Республикалык кан борбору, Жалдагы балдар ооруканасы, Аскер лицейи, "Манас" университети, "Байтик баатыр" студенттик борбору, №72, 55, 79, 80-орто мектептери, “Яшар” ишканасы жана Мамлекеттик каттоо кызматында таза суу берүү чектелет. Буга Садырбаев көчөсүндөгү суу түтүгүн оңдоп-түзөө иштери себеп болууда. Мындан улам “Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, таза сууну камдап алууну эскертет.