Лейлек районунда аймактык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Лейлек районунун Кулунду айылында аймактык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, капсула коюу иш-чарасына ички иштер министри Мелис Турганбаев, Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Эл менен жолугушуу учурунда министр мырза кылмыштуулук менен күрөшүүдө бир топ иштер жасалып жатканын айтты.

Аймактык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратын 2016-жылдын биринчи кварталына бүткөрүү пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан