Кыргыз мамлекетинде айдоочулар автоунаа үчүн төлөнүүчү салыкты 1-сентябрга чейин төлөөгө тийиш. 30-31-август иш күнү болбогонуна байланыштуу салыктан кутулуу үчүн 3 күн гана калганын (28-29-август жана 1-сентябрь) SUPER.KG порталына Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Маалым болгондой, учурда жер-жерлерде салыктар чогултулуп жатат.
Ошондой эле 2-сентябрга чейин турак жайларга, батирлерге жана жер салыгын (үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер тилкелери үчүн) төлөө зарыл. Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Салыктык төлөмдүн мөөнөтүнөн кечиктирилген ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелинет.