Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Дордой жаңы конушунда мыйзам бузуу менен кеңейтилген 4 турак үйдүн тосмолору сүрдүрүлдү. Атайын трактор Жеке турак жай департаменти тарабынан алынып келинген.
Аталган мекеменин Свердлов району боюнча бөлүм башчысы
Талант Исманакун уулунун айтымында, тосмолору сүрдүрүлгөн үй ээлерине эскертүү кагаздары быйылкы жылдын май айында берилген. Мындан улам жергиликтүү тургундар ишти сотко жеткирбей сүрдүрүүгө уруксат беришкен.
"Борбордук көчөдө жайгашкан 4 турак үйдүн ээлери бирин-бири туурап короолорун 1,5 метрге кеңейтип алышкан. Бирок сотко жетпегендиктен, аларга айып пул салынган жок. Бүгүн болсо биздин департаменттин каражатына трактор айдатып келип, тосмолорду жок кылдык. Эми "Тазалык" ишканасынын унаасы келип курулуш таштандыларын жыйнап, чыгарып кетет",- деди бөлүм башчы.