Дүйнө элдеринин эпосторунун III Эл аралык фестивалынын алкагында “Көчмөн стили” аталышындагы сынак өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сынакта көчмөн турмушун чагылдырган улуттук костюмдар, аксессуарлар көрүүчүлөрдүн жана калыстардын сынына коюлат. Анын жыйынтыгында 4 номинация боюнча жеңүүчү аныкталып, баалуу белектер ыйгарылат.
Иш-чара 4-сентябрь күнү саат 11:00дө Мамлекеттик тарых музейинин алдында болот.