Эртең, 29-августта Бишкекте панкратион боюнча эл аралык мелдеш орун алат. Уюштуруучулар маалымдашкандай, анда бул күнү 14 беттеш орун алып, кыргыз мушкерлери Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусиянын спортчуларына каршы турушат.
Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бүгүн, 28-августта орун алган салмак өлчөө аземиндеги сүрөттөрдү назарыңыздарга койдук.