Бишкекте ишкер аялдарга арналган конференция болуп өттү

Бүгүн, 28-августта Бишкекте ишкер аялдарга арналган конференция болуп өттү. Ага кыргыз жергесинин бардык аймактарынан 100гө жакын адам катышты. Жолугушууда ишкердик менен алектенген айымдарды колдоо жана алардын өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы туурасында талкуу жүрдү.

Ошондой эле конференция жарманке менен коштолду. Анда тигүү цехтеринин продукциялары, улуттук буюмдар, кийизден жана жибектен жасалган кийимдер жана сувенирлер, мындан тышкары консерваланган жана кургатылган ар кандай жашылча, мөмөлөр, улуттук дан азык өндүрүмдөрү көрсөтүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан