27-августка карата Бишкекте 16 чакырымдан ашуун эскирген электр чубалгылары алмаштырылды

“Түндүк электр”ишканасы Бишкек шаарында жаңы кабель чубалгыларын куруу жана эскилерди алмаштыруу иштерин алып барууда. 27-августка карата 16 чакырымдан ашуун кабель чубалгылары алмаштырылды. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Кабелди тартуу үчүн траншея казуу иштери Тыналиев, Ахунбаев, Байтик баатыр, Медеров, Абдрахманов, Москва көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Мындан кийин иштер К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарапта улантылат. орбор калаабыз боюнча 40 чакырымга жакын эскирген кабель тармактарын алмаштыруу үчүн 22 миллион сом каралган. Бишкек шаарындагы 1950-1994-жылдары тартылган электр чубалгылары өз мөөнөтүн иштеп бүткөн, азыр алардын өткөрүмдүүлүгү заманбап жүктөмгө туруштук бере албайт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dav312
2015-08-28 16:51:02
Бишкек шаарынын мээри 1 жылдан бери чеенде жатып эми жандандана баштады корунот телевизордон чыгып шаар жолдору чубалгылар ондолуп кышка кам коро баштады куз келе жатканын денеси мн сезсе кк чээнде жатып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан