Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 9 жаңы кызматтык унаа тартууланды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Ички иштер министрлиги тарабынан 9 жаңы кызматтык унаа тартууланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, унаалар дээрлик бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлерине тапшырылат.

Аталган облустун ички иштер башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Ибрагим Шатманалиев: “Мындай кадам оор кылмыштардын көп узабай ачылышына өбөлгө жаратат”,- деп билдирет.

Ошондой эле эртең, 29-август күнү ички иштер министри Мелис Турганбаев Жалал-Абад облусуна келип, кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NARYNGRAD
2015-08-28 19:32:14
Ушул орустардын автоунааларынан көрө, Германиянын же Япониянын унааларын берсе жакшы болот эле, бул унаалардын иштөө убактысы көп болсо 5 жыл, андан кийин айдаганга мүмкүн эмес.
-3
Parish
2015-08-30 19:40:08
Нива жакшы автомабиль да, неси жаман.
Бергенине да рахмат
айтыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан