Бишкек мэриясына караштуу Санитардык-экологиялык инспекция Жеке турак жай ээлеринин бирикмесинин ишмердүүлүктөрүн текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, СЭИ аталган бирикменин аткарган жумуштарына нааразы. Анткени Бишкекти көрктөндүрүү эрежелери сакталган эмес.
Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери Жеке турак жай ээлеринин бирикмесинин жетекчилерине КРнын Административдик кодексинин 488-беренесине ылайык 19 жазма эскертүү жана 15 протокол түздү. Алар тиешелүү административдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.