Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "Казакстанга кулчулукка сатылган Бактыгүл Кошонова боюнча маалыматтар такталууда"

Колундагы баласы менен кулчулукка сатылган кыргыз жаранынын аты-жөнү Бактыгүл Кошонова экенин 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-августта Казакстандан 1982-жылы 20-апрелде туулган Кошонова Бактыгүл Абилбековна аттуу жаран ӨКМнын ыкчам нөөмөт бөлүмүнө байланышка чыгып, жардам сураган. Ал мындан 7 жыл мурун (буга чейин 8 жыл мурун деп айтылган) 2008-жылдын 25-июнунда 17 кишини белгисиз адамдар "Казакстандан жумуш таап беребиз" деп алдап, сатып жиберишкенин айткан. 

Ошол мезгилде Б.Кошонованын колунда 1 жаштагы баласы болгон. Бактыгүл Кошонова Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынан экенин, апасы каза болгонун жана үйүнөн качып кеткенин кошумчалаган. Маалыматтарды текшерүү үчүн Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери келиндин атасы Абилбек Кошонов менен иниси Калил Кошоновду издеп барып, алардын үйүнөн эч кимди таба алышкан эмес.

"ӨКМнын тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына башка министрликтер менен биргелешип иштешип, маалыматтарды тактоо тапшырмасы берилди",- деп айтылат маалыматта. 

Кулчулукка сатылган аял боюнча ИИМ жана Тышкы иштер министрлиги да иш алып барып жаткандыгы айтылган. ТИМдин басма сөз кызматы Казакстандагы консулдук аталган келин менен байланышка чыкканын айтып, анын жарандыгы такталган соң мекенине жөнөтүлөрүн билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uragan007
2015-08-29 00:29:00
жердешим го шумдук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан