Нарын облусунда Эгемендүүлүк күнү коомдук тартипти 280 милиция кызматкери көзөмөлгө алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери 29-августтан 31-августка чейин майрамга даярдык көрүү иш-чараларын жана майрам учурунда болуучу театрлаштырылган оюн-зоок программасын, эс алуу жайларын көзөмөлгө алышат. Бул үчүн облус боюнча жалпы 22 унаа жана 280 милиция кызматкери тартылмакчы.