Бүгүн, 29-августта ажылык сапарда жүргөн зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарынан Мекке шаарына сапар алды. Бул тууралуу жеринен Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы
Жоробай ажы Шергазыев муфтиятка кабарлады.
Маалыматка ылайык 25-августта Ош шаарынан барган зыяратчылардын Мединадагы сапары аяктады. Зыяратчылардын ден соолуктары жана маанайлары жакшы экени айтылды. Бүгүнкү күнгө чейин Сауд Арабиясына ажылыкка 800 адам жөнөп кеткен.
Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учмакчы. Ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.