Бишкекте доллардын курсу төмөндөп, 1 доллар 64 сом 50 тыйындан сатылып жатат
Бүгүн, 29-августта Бишкекте доллардын курсу төмөндөдү. Акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 63 сом 80 тыйын болсо, сатуу 64 сом 50 тыйын болуп жатат (саат 15:30дагы көрсөткүч). Айрым жайларда сатып алуу 64 сом, сатуу 64 сом 44 тыйындан болууда. Апта башында доллардын курсу кескин жогорулап, 1 долларды сатуу 67 сомго чыккан.