Жер Ортолук деңизинен Египетти газ менен ондогон жылдар ичинде камсыздай алчу ири кен табылды

Италиялык газ ишканасы Жер Ортолук деңизинен ири газ кенин тапты. Бул тууралуу 30-августта аталган ишкананын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кен Египетке жакын жерден табылды. Кендин аянты 100 чарчы метр жана анда 850 миллиард куб метр газ бар экени айтылууда. "Газдын мындай көлөмү менен Египетти ондогон жылдар ичинде камсыздаса болот. Аталган газ компаниясынын башкы директору Клаудио Дескальци кендин ачылышы тууралуу маалымдоого Египеттин президенти менен жолугушууга жөнөдү. Мындан тышкары ал өлкөнүн премьер-министри менен жолугушмакчы",- деп билдиришти массалык маалымат каражаттары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arslanbek
2015-08-31 10:37:59
Барып барып бут жаратылыш бузулуп кырсыктар боло баштайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан