Бүгүн, 31-августта орусиялык ырчылардын катышуусундагы концертке байланыштуу кечинде троллейбустар жана автобустар каттайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара аяктаган соң жарандарды "Ала-Тоо" аянтынан үйлөрүнө жеткириш үчүн 10 автобус, 6 троллейбус жана бир топ маршруттук таксилер иштейт.
Айта кетсек, бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекке орусиялык шоу-бизнестин жылдыздары Григорий Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева жана "Ottawan" диско-дуэти келет. Мындан тышкары бул концертте кыргыз эстрада жылдыздары Иса Өмүркулов, Салтанат Аширова, Гүлзада Рыскулова, Нурайым Азыкбаева, Мээрим Карыпова жана башкалар катышат.