SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин 31-Август - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт! Эгемендүүлүк алгандан берки 24 жылдын ичинде өлкөбүз татаал жолду басып өттү, сыноолордо күчүн көрсөттү, жакшысы жана кемчилиги менен дүйнөнүн көңүлүн бурган далай окуялардын ээси болду. Жаш, демократиялык мамлекет катары көз карандысыздык принциптерин кармануу менен жолун улоодо. Мамлекеттин эл аралык аренадагы кадыр-баркы өстү, бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү катары ири масштабдагы маанилүү маселелерди чечүүгө салымын кошуп келүүдө.
Эгемендүүлүктү барктай билели. Кыргыз элине биримдик, ынтымак, ден соолук, ал эми мамлекетке гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз сессия чакырып, мамлекеттин көз карандысыздыгы тууралуу декларациянын негизинде токтом кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган.