"Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанаттын жүрүшүндө бийчи кыз эс-учун жоготуп кулады

Бүгүн, 31-августта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгына арналган салтанаттын жүрүшүндө бийчи кыз эс-учун жоготту. Ал президент Алмазбек Атамбаев элди куттуктап жаткан маалда жыгылып калган. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жардамга биринчилерден болуп КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев жана мэр Кубанычбек Кулматов келген. Кийин медицина кызматкерлери бийчи кызды көлөкөгө алып барып суу берип, үйүнө унаа менен жөнөтүшкөн. Эсин жоготкон кыздын айтымында, ал эртең менен көңүлү айныгандыктан тамактанган эмес, мындан улам ысык күндө туруп өзүн начар сезген. Мындан тышкары эртең мененки салтанатта дагы 3 бийчи кыз медицина кызматкерлерине кайрылган. 
Айта кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында келген конокторду милиция кызматкерлеринен тышкары 103 медициналык кызматынын 2 тобу көзөмөлгө алды. Белгилүү болгондой, ар бир топ болжол менен беш адамдын ал-абалын текшерген. Медиктердин айтымында, аларга кайрылгандардын көбүнүн кан басымы жана кант көрсөткүчтөрү түшүп кеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sexy_88
2015-08-31 15:28:55
Ал бийчи кыздын кулап калганын мен да кордум. Ажо 2 саат сулосо экии ооп калат да. Орусча анан кыргызча угуп отуруп уктап калдым.
+4
beka1207
2015-08-31 15:33:03
Кудай сактасын.. кун отуп кетсе керек да...анын устуно ачка барса..
Бирок мындай корунуштор ар бир мамлекетте болот...президенттин куноосу эмес бул.
+8
Aman.n
2015-08-31 16:09:30
ушун дай да болобу
0
bektursun2010
2015-08-31 16:35:04
майрам жакшы отуптурда анда 2саат суйлогон болсо
-1
ertur
2015-08-31 16:36:36
АША Текебаевге окшоп Журт Атасына окшоп суйлосо болмок же уйронуш керек суйлогонду президент болгондон кийин, кыска нусу суйлойт да дрклад окуп албай, ушул жерден да кайсы бироону жамандап, ал эми озунун партиясын мактап суйлоп жатып албай
-1
Munarka
2015-08-31 16:48:07
Жаман болуптур
0
ALSUXAN
2015-08-31 18:41:03
Ой тим эле журт атасына окшоп суйлоп жургондой уйронуш керек дейт. Кыргыз эли кандай болсо ошондой Ажоо шайланат менимче ажообуз жакшы эле бул кыз озу кичине слабыйраак болсо керек эрте менен тамактанган эмес экен деп жатпайбы
+1
88inara88
2015-08-31 18:48:33
Эми бийчи чорчуларынан оздору назик болуп эсин жоготсода президент куноолу дегенден уялбайсынарбы.эртеменен тамактана турган болуптурда эми.ээсин жоготпой журот ошондо.президент деген суйлойтда.
+1
fanatka19
2015-08-31 19:00:36
Аялыңар м.н ажырашып кетип деле президенттен көрө бергиле.
+1
pompowa
2015-08-31 19:14:57
Ошо Ктрден коруп атсам эле олтурган жеринен чуркадыле
0
Adi.Avazbekov
2015-08-31 22:43:09
Oioo Prezidentte emne aiyp suiloi turgan jerde suiloitda. Toogun tuubai koisoda prezindent kunoolu dei bergile emi.
0
Ayida
2015-09-01 06:41:46
Тамак же чай ичпесе озун жогототда.Азыр негедир погода дагы журокту кысып атат,кун салкын болсода.Же эч ким сезбей жатабы?
+1
friendwipkg
2015-09-01 13:29:27
президент күнөөлүү, экономикабыз көтөрүлбөй калганы үчүн кыздын курсагы тойбой калды да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан