Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жыйынтыктоочу күнү өтүп жатат. 3-орун үчүн болгон беттеште "Достук" командасы менен ИИМдин командасы беттешти. Анда "Достук" алда канча күчтүү келип, атаандашын 11:2 эсебинде утуп алды.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште 3-орунду ээлеген командага 250 миң сом байге каралган. Ал эми 4-орун ээси 100 миң сом сыйлык алмакчы.
Учурда финалдык беттеш өтүп жатат. Чемпион 1 миллион сом алса, 2-орун ээсине 500 миң сом берилет.