Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетине быйылкы окуу жылында мамлекетибиздин 58 абитуриенти тапшырды. Абитуриенттердин баары бюджеттик негизде окууга өтүшкөнүн кыргыз өлкөсүндөгү аталган окуу жайды бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысынын орун басары Сталбек Асылбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, 58 абитуриент 27-августта автобус менен Красноярск шаарына жөнөтүлгөн, учурда жатаканага жайгаштырылды. Аларга окуу жайда атайын экскурсиялар уюштурулуп, окуу башталгыча шартка көндүрүү аракеттери жүрүп жатканы айтылды.