Учурда Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалы орун алып жатат. Күндүн ысыгына карабай көк бөрү боюнча мелдешке 5 миңден ашык күйөрман (болжолдуу түрдө) жандуу күбө болууда. Ат майданда 500дөй милиция кызматкерлери тартипке көз салып жатышат.
Ат майдандын тегерегиндеги Термечиков, Алыбаев, Захарьев, Аммосов, Саратов, Виноградная көчөлөрү жана ат майданына кирчү жол унаа үчүн жабык болгондуктан, эл алыс аралыкты жөө басып өттү. Ат туягынан чаң сапырылган бул аянтта учурда алып баруучунун жана күйөрмандардын үнү гана угулуп жатат.