Ош шаарындагы майрамдык салтанаттан фоторепортаж

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгы белгилендиМайрамдык салтанаттын жүрүшүндө А.Кадырбаев Ош шаарынын тургундарын жана меймандарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Кыргыз эли эркиндик духун өчүрбөй, азаттыкка жетип отурат. Ош - кыргыз тарыхынын ордосу, куттуу жер. Ош шаарынын өндүрүш тармагы күн сайын өсүп жатат. Мындан ары да шаардын эли эркиндикте, тынчтыкта, ынтымакта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн бардык иш-аракеттер жүргүзүлөт",- деди мэр.

Андан соң театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, анда кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектери чагылдырылды.

Бүгүн шаардагы Токтогул жана Навои атындагы эс алуу жайларында спорттук мелдештер өткөрүлөт. Ал эми кечки саат 20:00дө премьер-министрдин катышуусунда Ататүрк атындагы эс алуу багынын ачылышы болот. Борбордук аянтта болсо саат 19:00дөн баштап жаштар үчүн бий кечеси уюштурулат. Ага өлкөбүздүн эстрада жылдыздары катышат. Иш-чарага КРнын Премьер-министри Темир Сариев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана шаар тургундары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mugalim_bala
2015-08-31 13:16:05
Майрамыңыздар мн
+1
asi15
2015-08-31 14:18:32
Эн сонун даярдык!
0
Nadir27
2015-08-31 17:09:27
Ататурк эс алуу багы кайсыл жерде.Билгендер барбы?
0
richman.kg
2015-09-01 02:12:38
ата-турк багы, Р. Абдыкадыров кочосундо жайгашкан Кыргызстан кинотеатрынын жанында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан