"Раззаков" тасмасынын бет ачарында көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышты

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Раззаков" биографиялык тасмасынын бет ачары өттү. Фильмде 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын (б) Борбордук комитетинин биринчи катчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү чагылдырылат. Тасманын ачылышына кино тармагынын адистери, сынчылар, күйөрмандар жана тасмада образ жараткан актёр-актрисалар келишкен.
Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, И.Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган. "Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду",- деди Токторов. 
Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикири боюнча, бүгүнкү күнү өлкөбүз И.Раззаковдой лидерге муктаж болуп жатат. "Тасмада көрсөтүлгөндөй, Исхак Раззаковдун осуяты, жасаган иштери, айткан сөзү менен аткарган иштери бизге суу менен абадай керек болуп жатат. Кыргыз мамлекетин мындан ары өнүктүрүүгө, эгемендүүлүгүбүздү сактап калууга, өлкөбүздүн келечегине Исхак Раззаковдой чыныгы лидерлер келсе, коррупцияны токтотсок, тазалыкты туу тутсак, ошондо гана кыргыз алдыга өнүгөт. Муну биз фильмдин идеясынан көрдүк. Тасманын автору Исхак Раззаковдун сөөгүн дагы бир жолу агартты десек болот",- деп А.Токторовго ыраазычылыгын билдирди.
Журналист жана жазуучу Абдыкерим Мырзаев "Исхак Раззаковдой адам кылымда бир гана жаралышы мүмкүн" деген оюн билдирди. "Кыргыз тарыхында Исхак Раззаковго чейин Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинде биринчи катчы кызматында бир да киши иштеген эмес эле. Анткени Москва кыргыздарга ишенген эмес. 1937-жылдагы "кызыл террордон" кийин Сталин кыргыздарга башкача мамиле кылган, бирок Раззаковдун таасиринен кийин Сталин өзүнүн көз карашын өзгөрткөн. Раззаков бийликке келгенде Кыргыз ССРинин борборунда бир да кыргыз мектеби болгон эмес, бардыгы орус мектептер болгон. Республиканын борборунда бир да кыргыздын атындагы көчө болгон эмес. Раззаковдун салымы менен көчөлөргө атактуу кыргыз инсандарынын аттары коюла баштаган",- деди Мырзаев.
Айта кетсек, Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ал Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. 1979-жылдын 19-мартында 69 жашында каза болгон.
Исхак Раззаковдун бейнесин чагылдырган тасма элге көрсөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bektursun2010
2015-08-31 16:54:08
биз качан коробуз.
0
bosmos777
2015-08-31 16:55:48
Бар Бол Кыргыз Элим! Элин учун ак кызмат кылган уул кыздарын унутта калбайт! Баарыбыз биримдикте дуйнодо баасыз кооз Мекенибизге! Дуйнону торт кыдыра айланып табылгыс!Эне тилдуу,каада салттуу.пейли кенен, жузу жарык Кыргыз улутуна кызмат кылалы ! Эгемендик кунун кут болсун! Кылым карыта жеке желегин Эркин желбиресин!!!
+12
Mars55
2015-08-31 17:10:50
ооо кандай гана жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан