Эгемендүүлүк күнүндөгү ат чабышта Малыш аттуу күлүк чабандеси жок 8 айлампа чуркап, ээсине 5 миң сом сыйлык утуп берди

Кечээ, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата кыска аралыкка ат чабуу, кунан чабыш, жорго салыш жана аламан байге орун алды. Күндүн эң кызыктуу жарышы аламан байге болду. Анда күлүктөр 22 миң метр (10 айлампа) аралыкка чабылып, элдин бүйүрүн кызытты. Кызыгы, алардын арасындагы Малыш аттуу аргымакты чапкан чабандес алгачкы айлампада эле жыгылып калды. Бирок Малыш катардан чыкпай жарышты уланта берди. Башкарган чабандеси жок күлүк улам алдынкы сапка чыгып, кайра арткы орундарга түшүп калып жатты. Мунун баары күйөрмандардын колдоосуна алынып, калыстар эгер ал биринчи чыкса, байге берүү же бербөө боюнча кеңешкенге мажбур болушту. Жыйынтыгында аргымак алдынкы орундарды ээлеп, мара сызыгын кесип өтө турган болсо, сыйлык берилери маалымдалды. 
8 айлампа чабарманы жок чуркаган Малышты акыркы айлампада чабарман кармап минди да, жарышка кошулду. Бирок байгелүү орунга илинген жок. Жылкы тукумунун эстүүлүгүнө баа берген калыстар күлүктүн ээсине 5 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилгенин айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bermet104
2015-09-01 11:59:18
Жаныбар болсо да, анча мынча адамдарга караганда өз ишин мыкты билет!!!
+3
aktivist0707
2015-09-01 12:03:36
Аллах берген ат экен
+2
Sexy_88
2015-09-01 12:04:52
Тан калыштуу жанылык экен. Аттын ан сезими жакшы иштейт да. Акылдуу ат экен. Коз тийбесин.
+2
aktivist0707
2015-09-01 12:06:14
анан качанчы орунду алыптыр ошонуда айтып койгулачы сураныч
0
Mars55
2015-09-01 12:32:05
ат адамдын канаты,акылына тан бердим
+2
veneraaalieva
2015-09-01 12:48:01
Жаныбарым эстуу ат экен, эгер чабандеси жыгылып калбаганда 1-оорунду алмак окшойт
+1
beben
2015-09-01 13:01:15
Кандай сонун айбанда болсо оз ишин аткарыптыр . Азамат.
+1
nelya88
2015-09-01 14:10:01
Акылына баа бердим!Азамат!Чабандесинин жыгылып калганы кейиштуу болуптур.Канча мээнет менен таптап даярдашат..Акырында ээси кармап алып кайра минбей эле койгондо мумкун алдынкылардан болуп келмек.
+1
Мэри
2015-09-01 18:09:47
Байкуш жаныбар, мындай жаныбарды кантип жакшы көрбөйсүң!!!
0
Medina87
2015-09-01 22:40:42
Атты минип чаап коргон адам ат бир куулонгондон кийин, анын устуно катарында ат баратканда арышын токтотпосун билет. Демек,жарыштагы аттар марага жанталаша чуркашса Малыштын да катардан калбаганын тушуном. Азаматсын Малыш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан