Өлкөбүздүн бардык мектептеринде биринчи сабак “Менин Ата Мекеним – менин кыргыз жергем” темасынан башталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда КРнын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин мүчөлөрү премьер-министрдин башчылыгы астында мектептерде ачык сабактарды өткөрүшүүдө. Быйылкы жылдын темасы мамлекетти өнүктүрүүгө, келечек муундун билим алуусун, Ата Мекенге болгон сүйүүсүн өрчүтүүгө арналган.
Айта кетсек, министрлер ачык сабактарды өздөрү окуган мектептерде же иш сапары менен барган аймактарда өткөрүшүүдө.