Концертте калың топтун ичинен адашып кеткен балдардын баарын ата-энелери алып кетишти

“Ала-Тоо” аянтындагы концертте калың топтун ичинен адашып кеткен балдардын баарынын ата-энелери табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 1-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, кечээ Эгемендүүлүк күнүнө арналган концерт маалында 55 бала ата-энесинен бөлүнүп калган, алардын 33ү атайын түзүлгөн штабдын унаасына жеткирилсе, калган 22 баланын ата-энелери дароо табылган. Адашып кеткен балдардын көпчүлүгү 3-4 жашта, ошондой эле 15ке чыккан өспүрүмдөр да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2015-09-01 18:17:01
Кудайга шугур табылганы жакшы болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан