Бүгүн, 1-сентябрда кумда ойнолуучу волейбол боюнча улуттук кураманын катышуусунда “Москва оюндары-2015” мелдеши старт алат. 3-сентябрда жыйынтыктала турган мелдеште мамлекетибиздин намысын Анастасия Щелокова жана Наиля Алиева аттуу спортчулар коргошот. Бул кыздар аталган спорт түрү боюнча өлкөнүн алгачкы чемпиондугунда жеңүүчү аталышкан. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 8 медаль ойнотулат.