Эгемендүүлүк күнүндөгү ат чабышта 2 күлүктүн жана 1 жоргонун ээси автоунаа минип кетти (фоторепортаж+жеңүүчүлөр)

Кечээ, 31-августта “Аккула” ат майданында Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына карата ат оюндары болуп өттү. Анда кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана ат чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жарыштардын жалпы байге фонду 500 миң сомду түздү жана жеңүүчүлөргө бирден автоунаа ыйгарылды.

Кыска аралыкка ат чабыш. Аралык: 2400 метр

1-орун. Көкжал аттуу күлүк (Чолпон-Ата шаарынан). Байге: 12 миң сом  

2-орун. Гвинея (Бишкек). 8 миң сом  

3-орун. Династия (Ысык-Ата району). 5 миң сом  

Кунан чабыш. Аралык: 11 миң метр (5 айлампа)

1-орун. Донна аттуу кунан (Ысык-Ата району). Байге: автоунаа

2-орун. Лепесток (Сокулук району). 50 миң сом

3-орун. Покер (Токмок шаары). 30 миң сом

Жорго салыш. Аралык: 11 миң метр (5 айлампа)  

1-орун. Ганг аттуу жорго (Нарын). Байге: автоунаа

2-орун. Вулкан (Ысык-Ата району). 60 миң сом

3-орун. Плиний (Тоң району). 30 миң сом

Ат чабыш. Аралык: 11 миң метр (5 айлампа)

1-орун. Буйруса аттуу күлүк (Кара-Балта шаары). Байге: Автоунаа

2-орун. Буудан (Ат-Башы району). 100 миң сом

3-орун. Карабаир (Сокулук району). 50 миң сом 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aktivist0707
2015-09-01 12:23:38
Ат таптаган жөө баспайт деген ушуда
+2
Мэри
2015-09-01 12:34:03
Ат оюндары... Жагат, бирок бирөөнү да жанынан көргөн эмесмин, өзгөчө жорго салыш жагат... Жанынан көрсө сонун болсо керек...
Бирок... кыргыз уул-кыздарына кыргызча ысым ыйгарбаган сыяктуу эле жылкыларыбызды да кыргызча атай албай калган экенбиз да... Же булардын ээлери кыргыздар эмеспи...
+5
modem4999
2015-09-01 12:55:46
Мэри, кошулабыз сизге
+2
karona
2015-09-01 12:45:35
Молодцы, сыйлыктар кут болсун!
+1
Abdurahman
2015-09-01 13:43:56
Кичинекейимде жорго минип чонойдук эле азыр жок. Жорго мингенди сагындым
+1
tynkatar03
2015-09-01 14:02:44
Кокжал Буудан Буйруса Карабаир(мумкун Карабайыр болсо керек) ээлери кулук таптап ысым тандагандын даана чеберлери экен
0
beka1207
2015-09-01 14:43:18
Айланайын ата салтындан кыргызым!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан