Бүгүн, 1-Сентябрь - Билим күнүнө карата Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жолон Мамытов атындагы орто мектебине барды. Мэр окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, алардын терең билим алуусу үчүн мэрия тарабынан бардык иш-аракеттер көрүлөрүн билдирди.
“Бүгүнкү күнү шаар боюнча 21 100 бала мектептин босогосун жаңыдан аттап отурат. Алардын тагдыры, келечеги мугалимдердин колунда. Бүгүн балдарга кандай тарбия-таалим берсек, эртең ошого жараша калыптанат. Ошондуктан тажрыйбалуу мугалимдер менен катар жаш, жаңычыл мугалимдер эриш-аркак эмгектенип, балдарга терең билим, татыктуу тарбия берүү абзел”,- деди Кадырбаев.
Мэриянын маалымат кызматы андан соң мэр мектептин 11-классынын окуучуларына сабак өткөнүн билдирди. Кадырбаев аларга шаарда болуп жаткан өзгөрүштөр, кесип тандоо боюнча айтып берди.
Эске сала кетсек, Ош шаарында 53 мамлекеттик мектепте 56 660 окуучу билим алат.