Бала бакчаларда эттин адалдыгын далилдөөчү сертификатты талап кылуу керектиги айтылды

Кыргыз жеринде мамлекеттик бала бакчалар тамак-аш азыктарын сатып алууда азыктын адал экенин далилдөөчү сертификатты талап кылышпайт. "Адал индустриясын өнүктүрүү кыргыз борбору" 1-сентябрда билдиргендей, тендердик документтерге ылайык, эт жеткирип берүүчүлөрдөн мал доктурдун корутундусу гана талап кылынат.

"Мындан тышкары кондитердик азыктарга, йогурт, таттууларга да адал сертификаты талап кылынбайт. Бирок аларда да арам кошулмалар: алкоголь, кармин жана жаныбарлардан өндүрүлгөн желатин болушу ыктымал. Ашпозчулар өздөрү эт кайдан алынып келингенин билбеген учурлар да кездешет. Ата-энелерди бала бакчалардын тамак-аш сатып алуу тендердик сынактарына жигердүү катышууга чакырабыз",- деп билдирет аталган мекеме.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayjamal83
2015-09-01 15:21:53
Эн сонун!Адал этин жаш балдар жешсе,ден соолугу саламатта болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан