2016-жылы жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктын божомолдонгон жалпы суммасы 1 миллиард 263,5 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, жаңы кендерди лицензиялоо жана ишке киргизүү 2016-жылы 690 миллион сом өлчөмүндө бонустардын түшүүсүн камсыз кылат. Ошол эле убакта роялтинин түшүүсү 573,5 миллион сом өлчөмүндө бааланууда.
Стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялтинин (жер казынасын пайдаланганы үчүн төлөө) жыйымдарынын 50 пайызы республикалык бюджетке, 50 пайызы жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Бонустардан түшүүлөр толугу менен республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
2016-2018-жылдарга жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктын түшүүсүнүн божомолу салык мыйзамдарында белгиленген кендерди пайдалануу менен пайдалуу кендерди казып алуунун божомолдонгон көлөмүнө, мурдагы жылдардагы түшүүлөргө жана 2015-жылга салык чогултууну баалоого жараша белгиленген.