Алматыда кыргыз жарандарынын көбү биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

Казакстандын Алматы шаарында кыргыз жарандарынын басымдуу бөлүгү биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 25-27-августка чейин аталган мекеменин кызматкерлери Алматыда кыргыз жарандары менен жолугушуп, биометрикалык маалыматтарды чогултууну уюштурушту. Белгилүү болгондой, мекендештердин көбүнүн колунда биометрикалык маалыматты тапшырганы тууралуу баракча болгон. Ошондой эле консулдук Алматы шаарында жайгашкан базарлар менен келишим түзүп, радио аркылуу кыргыз жарандарына келе жаткан парламенттик шайлоо жана ага байланыштуу биометрикалык маалыматты тапшыруу зарылчылыгы туурасында маалыматты жарыялайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2015-09-01 22:12:00
Мен да Алматыдамын. Бирок, баары бир таза шайлоо отпошуно козум жетпегендиктен биометрикалык маалыматымды тапшырбайм! Бул менин жеке укугум! Биздин кыргыз сайттарынан жана белгилуу сайттардан узбой кабардармын.Андыктан ачык жана тактап айтам; Качан гана чындыкка козум жеткег куну озум барып биометрикалык маалымаматымды тиркетип кетем.
0
bolotbai
2015-09-01 22:45:47
Коросунор баары бир ыплас шайлоо отот,мен да ишенбеймин бул шайлоого.Мен уй булом менен биометриканы тапшырган жокмун.Себеби ар бир адам озу чечет отобу отбойбу биометрикаларынан.Ар бир адамдын ИД коду озуно гана тиеешелуу белгилуу болуусу керек,шайлоонун шайтан оюну учун жарыя болбой.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан