“Реал Мадрид” англиялык "Манчестер Юнайтеддин" дарбазачысы
Давид де Хеаны сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматка ылайык, оюнчуну сатып алуу трансферлерди өткөрүүгө берилген мөөнөттүн акыркы күнү - 31-августта орун алды. "Испаниянын Футбол Лигасы документтерди өз убагында албаганына байланыштуу трансфер орто жолдо токтоп калды. Тактап айтканда, дарбазачы "Реалдын" быйылкы сезондо ойной турчу курамына киргизилбей калды. Мындан улам Давид де Хеа азырынча "Манчестер Юнайтеддин" курамында болот. Ал эми соодалашууда "Манчестерге" кетиши керек болгон дарбазачы Кейлор Навас да "Реалдын" курамында калтырылды",- деп жазышат басылмалар.