Бишкекте террордук топко каршы операцияда талкаланган үйлөр калыбына келтирилип жатат (фоторепортаж)

Мындан бир жарым ай мурун (16-июль күнү) УКМКнын атайын кызматы Бишкектин эки жеринде террордук иш-аракеттерге каршы операция жүргүзүп, жалпы 7 согушкерди колго түшүрүп, 7 согушкерди өлтүргөн. Бишкектин Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 9 согушкерди кармоо учурунда ал жердеги 5 үй күйүп, талкаланып калган эле. 
Учурда ал үйлөр калыбына келтирилип жатат. Тактап айтканда, талкаланган үйлөрдүн экөөсү жаңыдан салынып жатса, экөө оңдолууда. Жаңы салынып жаткан үйлөрдүн сметалык баасы 2 миллион сом болгон. Буга чейин эки үйдүн аянты 70-80 чарчы метр болсо, учурда аянты 120 чарчы метрге чоңойтулуп салынууда. Бул эки үйдө 10го чукул жумушчу иштеп, курулуш иштерин дээрлик аяктоо алдында турушат. Курулуш иштери июль айынын соңунда башталган бул үйлөрдү сентябрь айынын аягында тапшыруу пландалган. 
Ал эми капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан Темиров көчөсүндөгү №12-үйдүн кожойкеси оңдоо иштерине нааразы. Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия аны 500 миң сомдук сметага кол койдуруп алганы менен, ага ылайыктуу иш аткарган жок жана үйүнүн дубалдарында пайда болгон жаракаларды оңдоодон баш тартышкан. 
"Сметада көрсөтүлгөн акчанын баары менин үйүмө жумшалган жок, аткарылып жаткан иштерге болгону 200 миңдей гана каражат сарпталууда. Өзүмдүн жанымдан да 31 миң сом чыгаша кылып, курулуш материалдарын алып бердим. Жумушчунун тамак-ашын жасап берип, курулушка керектүү материалдарды өз үйүмдөн алып чыгып берип жатам. Андан сырткары жардыруу болгон учурда үйүмдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон эле. Бирок комиссия "бул жаракалар эски жаракалар экен" деп өз чечимине киргизбей койду. Тосмонун шыбактарын да начар жасашты, бир нерсе десең эле "акча жок" деген жооп айтышат. Күз келди, жакында кыш келет, бирок менин үйүмдүн чатыры жабылып, дубалы шыбалгандан башка эч кандай иш аткарылган жок. Мага бир эле жумушчу берилген, ал 2 күн иштесе, 4 күн жок болуп кетет. Кээде түшкө маал келип алып "тамак бер" деп кекетет. Алып берген материалдарынын сапаты начар. Ошондуктан мен арызданууга мажбур болуудамын",- деди үй кожойкеси. 
Ал эми ага жакын турган үйдүн кожоюну эч кандай дооматы жок экенин айтты. Анын үйүнүн чатыры күйүп, ичине суу кирип кеткендиктен, үй ичи да толугу менен оңдолуп жатат. 
Бул иш боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиядан азырынча жооп берише элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan81
2015-09-02 12:55:31
конечно мен былтыры уй салдым эле милион сом кетирдим. Дагы эле буто элек ички обделкаларым, черный потолок,шывак дегени бар. Бутуруп беришсин мамлекект.Мына Россияда мин деген уйлорду мамлекет озунуе эсебинен куруп беришип жатат а биздикилер болгону алты уйду дагын эптеп септеп дегендей куруп жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан