"Москва оюндары-2015" мелдешинин биринчи күнүндө волейболчуларыбыз 2 команданы утуп алышты

Кечээ, 1-сентябрда Орусиянын Москва шаарында "Москва оюндары-2015" деген аталышта студенттик спорт боюнча Эл аралык фестиваль старт алды. Бул мелдешке мамлекетибиздин атынан волейболчу кыздар Анастасия Щелокова менен Наиля Алиева катышып жатышат. 

КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, кумда ойнолуучу волейбол боюнча курамабыз мелдештин биринчи күнүндө Москванын ЖОЖдорунан келген эки команданы утту. Кумдагы волейбол оюнуна жалпысынан 24 команда катышууда. Алар Орусия, Кыргыз Республикасы, Австрия, Израиль жана Сенегал сыяктуу мамлекеттердин жогорку окуу жайларынан чогулган. 

Кошумчалай кетсек, мелдештин шарты боюнча, 2 жеңилүүгө туш болгон команда мелдештен четтетилет. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman.n
2015-09-02 10:58:04
кыргызтан алга
0
Ruslan_d
2015-09-02 11:40:16
А жакшы ийгилик!Супер фудбол боюнча улуттук курама камандабыз жонундо малымат берип койгулачы эртен ойнойбу?Курамда кайсыл оюнчулар ойнорун жазсанар сураныч? Рахмат.
0
nurik11-29
2015-09-02 12:03:38
АА балли ,ийгилик ,эркектердин оюну болбойт бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан