Бишкекте 1-Сентябрь - Билим күнүнө арналган иш-чаралардагы коопсуздукту 466 милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, шаардагы 96 мектепти жана алардын аймагындагы жол кыймылын кароого өспүрүмдөрдүн иши боюнча 96 инспектор, 96 аймактык милиция кызматкери, 28 оперативдүү кызматкер, 96 жол-кайгуул кызматкери, башка бөлүмдөрдөн 150 кызматкер тартылды.
Маалыматка ылайык, борбор шаарда быйыл 1-сентябрда 118 650 окуучу билим алууга киришсе, мунун 14 250сү 1-класстын окуучулары.