Өспүрүм боксчулар Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетишти

2-13-сентябрь аралыгында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиондугу өтөт. Кечээ, 1-сентябрда мамлекетибиздин атынан аталган мелдешке катыша турган мушкерлерди узатуу аземи өттү. Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча Олимпиадалык резервдин республикалык балдар жана өспүрүмдөр мектебинде орун алган иш-чарага аталган мектептин директору Каныбек Осмоналиев да катышты. Олимпиада чемпиону өспүрүм мушкерлерге ийгилик каалады. 

Дүйнө чемпиондугуна аттанган курамга Рустам Муратов (46 килограмм салмакта), Нурлан уулу Темирлан (48 кг), Эгемберди уулу Адилет (50 кг), Анарбек Жапаров (52 кг), Хожиакбар Адихамов (54 кг), Жылдызбек уулу Акназар (57 кг), Майрамбек Кайкыев (60 кг), Өмүрбек уулу Данияр (63 кг), Акылбек уулу Айбек (66 кг), Алишер Чаткалбеков (75 кг) сыяктуу мушкерлер кирген. Команданын машыктыруучулары: Таалай Кадыралиев жана Кенжебек Акелбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jake91
2015-09-02 12:58:05
Ак жол барына Кыргыздын байрагын которгон ер азаматтар
Силерге ийгилик.
+1
kadamjai90
2015-09-02 13:02:31
Ийгилик Алга Кыргызстан .
+1
tynych88
2015-09-02 13:30:08
Алга Кыргызстан Азаматсынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан