Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн соода-сатык түйүндөрү тамеки сатууга сунушталган тыюу салууларга каршы экендиктерин маалымат жыйынында билдиришти. КРнын Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёвдун айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт мекемелеринен 100 метр радиуста тамеки сатууга болбойт.
"Соода-сатык чөйрөсүндө азыр 12 500гө жакын соода түйүнү бар, алардын ичинен 100 метрлик тыюу салууга 80-90 пайызы туура келет. Буга стоматология кабинетинен же дарыканадан 100 метр алыс жайгашкан соода-сатык ишканалары да кирет. Жыйынтыгында ансыз да өлкөдөгү экономикалык кырдаалга байланыштуу кыйла оорчулукту башынан кечирип жаткан кыргыз жергесиндеги чакан жана орто бизнес да бул мыйзамдан кезектеги сокку алат. Президентибиз Эгемендүүлүк күнүндө ишкерлер үчүн кыргыз жергесинде бейиш түзөбүз деп айтты эле, учурда жеке ишкерлер болгону жакшы шарт түзүлүшүн сурашат",- деди Пономарёв.