«Эгер тамеки сатууга тыюу салынса, менин кирешем 50 пайызга кыскарат». Мындай пикирин бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө жеке ишкер Майрам Сокеева билдирди. Анын айтымында, ага келген кардарлар азык-түлүк менен бирге тамеки алышат.
«Эгер мыйзам күчүнө кирсе, мага сатып алуучулар келбей калышат. Анткени мен тамеки жана спирт ичимдиктери менен бирге тамак-аш сатып иштейм. Кардар жөн гана башка жакка барып соода кылып баштайт. Өзүм туурасында айтсам, мен 18 жашка жете элек жарандарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатпайм. Үй-бүлөм менен тамеки тартпайбыз. Бирок депутаттарга кайрылып айтат элем, бизди, жеке ишкерлерди да ойлоп коюшса. Анткени мыйзам долбоорун кабыл алууда жеке ишкерлердин ою угулган эмес»,- дейт Сокеева.