«Эки жолу мамлекетке каршы кылмыш жасаган адам акимчилик кызматты ээлегенге укугу жок»,- дейт 7-Апрель элдик революциясынын баатыры, Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну Мурсакожо Мендиев бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында.
Анын айтымында, бир жылдан бери аталган райондо аким болуп иштеген Нурбек Жусупбеков 2003, 2006-жылдары Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 335-берене (конфискацияга жана арестке түшкөн мүлктү мыйзамсыз колдонуу) боюнча жоопко тартылып, ага 5000 жана 15 000 сом айып пул салынган.
«Азыркы аким буга чейин Кочкор районунун Чолпон айылында айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Ошол жерде айыл өкмөтүнүн балансында турбаган, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу колдонууга бериле элек клубга өзүнүн буйругу менен туугандарын жумушка орноштурган. Жыйынтыгында алар мыйзамсыз айлык акы алып келишкен. Мындан улам Кочкор райондук соту Жусупбековду күнөөлүү деп тапкан. Учурда биздин районго келген гранттардын көбүн жеп жатат»,- деди Мендиев.