Эртең, 3-сентябрда футбол боюнча улуттук курама командабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Иордания менен беттешет. Иорданиянын Ирбид шаарында орун алчу беттешти малайзиялык калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда башкы калыстын милдетин Мохд Бин Якуб аркалайт. Ал эми жардамчылары катары майданга Сиванесан Мунианди менен Мохамад Бин Зайнал чыгат. 4-калыс индиялык Пратап Патвал болмокчу. Беттеш Бишкек сааты боюнча 22:00дө старт алат.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүп жатат. Кыргыз футболчулары буга чейин конокто Бангладешти 3:1 эсебинде утуп, Бишкекте Австралия курамасына 2:1 эсебинде утулуп калышкан. Иордания болсо конокто Тажикстанды 3:1 эсебинде уткан.