“Нарын облусунун Кочкор районунун акими кызматынан кетпесе, жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгууга даяр”. Мындай пикирин бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө аким Нурбек Жусупбековдин үстүнөн арыз берген Мурсакожо Мендиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында, Кочкор районунун тургундары мурда кылмышка тартылбаган, таза иштеген башчыны каалашат.
Айта кетсек, 7-Апрель элдик революциясынын баатыры, Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну Мурсакожо Мендиев бүгүн, 2-сентябрда «эки жолу мамлекетке каршы кылмыш жасаган адам акимчилик кызматты ээлегенге укугу жок» деп чыккан. Анын айтымында, бир жылдан бери аталган райондо аким болуп иштеген Нурбек Жусупбеков 2003, 2006-жылдары Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 335-берене (конфискацияга жана арестке түшкөн мүлктү мыйзамсыз колдонуу) боюнча жоопко тартылып, ага 5000 жана 15 000 сом айып пул салынган.
Учурда жактоочу бул ишти аягына чыгаруу максатында көптөгөн инстанцияларга кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай жатканын билдирет.
“Мендиевдин арызын КРнын Мамлекеттик кадр кызматына жөнөткөнбүз. Алар болсо бул саясий суроо болгондуктан жана буга түздөн-түз премьер-министр жооп бергендиктен, ошол жакка жөнөтүштү. Эми болсо биздин арыз кайра өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө жөнөтүлдү”,- дейт Жумашев.