Бүгүн, 2-сентябрда өлкөдө доллардын курсу кайрадан көтөрүлдү. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 65,2 сомдон сатып алып, кайра 65,6-66 сомдон сатышууда. Бир сутка ичинде доллардын наркы 1 сомго жакын кымбаттады. Ошол эле учурда Улуттук банк койгон номиналдык курс 64,2823 сомду (бир сутка ичинде 1,25 пайызга төмөндөө) түзөт. Айта кетсек, август айынын аягында доллар 64 сомго чейин арзандаган эле.