Тамекини легалдуу сатуу мамлекеттик бюджетке 3 миллиард сом акциз берет. Мындай маалыматты бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоору билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт мекемелеринен 100 метр радиуста тамеки сатууга тыюу салса, көптөгөн ишкерлер көмүскөдө иштегенге өтүшөт.
“Мисалы, легалдуу сатуучулардын 1 пайызы көмүскөгө кеткенде мамлекеттик бюджет 29 миллион сомго акцизин жоготот. Болжол менен бир жылда казына 145 миллион сомго зыян тартат.
Биз мыйзам долбоорун чыгарган 11 депутатка башка сунуш киргизели дедик. Мисалы, тамеки тарткан адам өзү чеккен каражатты 100 метр болобу, 500 метр болобу же үйдө отуруп интернет аркылуу болобу, сатып алат. Бул жерде соода түйүндөрү гана жапа чегишет, ал эми көмүскөдө саткандар көбөйөт. Бул мыйзам долбоору өспүрүмдөрдүн тамеки чегүүсүнө бөгөт коюу максатында иштелип чыккан. Мындан улам чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү 18 жашка чыга элек атуулдарга тамеки сатууну жакшы көзөмөлдөш үчүн ар бир соода-сатык жайына камера орнотуу сунушун киргизишет”,- дейт Пономарёв.