10-июлдан 1-ноябрга чейин Орусиянын чек арасынан тоскоолдуксуз чыгып-кирүү жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн мамлекетибиздин 7626 гана жараны пайдаланды. Бул тууралуу 2-сентябрда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы
Айымкан Кулукееванын социалдык түйүндөрдүн бириндеги өздүк баракчасына жазып калтырган билдирүүсүндө айтылат.
Кулукеева белгиленген мөөнөткө чейин дагы 180 миңден ашуун жаран документтерин мыйзамдаштырып алуусу керектигин айтат. "Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууну мамлекетибиздин жарандарынан өтүнүүдөбүз. 1-ноябрдан кийин мындай мүмкүнчүлүк берилбейт. Жок дегенде Украинага чыгып-кирип алышса жакшы болот. Кыргыз өлкөсүнө автобустар 6-7 миң рублдан каттап жатат, аны менен деле барып келишсе болот. Авиабилеттер Бишкек-Москва 15-20 миң рубль, Москва-Бишкек 8-10 миң рубль болуп кетти. Демек, Орусияга келип жаткан эл көп деп түшүнсөк болот",- дейт Кулукеева.