Бишкекте биометрикалык маалыматтарын тапшырган адамдардын саны күнүнө 3 миңге жетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда парламенттик шайлоого даярдык боюнча республикалык штабдын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, 19-сентябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуу 15 күндүк мөөнөткө токтотулуп, 5-октябрда улантылмакчы. "Аймактарда шаарларга караганда биометрикалык каттоо тезирээк жүрүп жатат. Бүгүнкү күнү алдыдагы шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 520 миң адам катыша алат. Бул сан 2 миллион 600 миңден ашары күтүлүүдө",- деди Сарпашев.