Кыргыз мамлекети өткөн суткада 21 миллион киловатт-саат электр энергиясын колдонду

Кыргыз мамлекетинде өткөн суткада 21 миллион 800 миң киловатт-саат электр энергиясы колдонулду. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин билдиришинче, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 691 миң киловатт-саатка көп. "Бишкек жылуулук электр борбору бир суткада 1 миллион 303 миң киловатт-саат электр кубатын өндүрдү. ЖЭБдин аймагында учурда 225 996 тонна көмүр бар, көмүр жеткирүүлөр уланууда",- деп айтылат маалыматта.
Токтогул суу сактагычына учурда секундуна 386 метр куб суу агып кирип, суунун сарпталышы 146 метр кубду түзүп жатканы, суу сактагычта азыркы учурда 12 миллиард 589 миллион метр куб суу бар экени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан