Бүгүн, 3-сентябрда Кытайдагы белгилүү Тяньаньмэнь аянтында кытай элинин япон баскынчыларына каршы согуштагы жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 70 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.
Ага 50дөн ашуун өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жана БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун күбө болду. Бардык конокторду Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен тосуп алды.
Маалыматка караганда, иш-чарага жалпы 12 миң аскер катышса, алардын ичинен миңге жакыны башка өлкөлөрдөн келген аскерлер. Мындан сырткары жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө салтанаты 500дөн ашуун аскердик техника, 200дөн ашуун учактардын катышуусунда өттү.
Аскердик парадга Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскерлери, Орусия, Беларусь, Мексика, Монголия, Куба, Египет, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Камбоджа, Лаос, Фиджи, Венесуэла, Вануату жана Сербиянын аскерлери катышты.