Аламүдүн районунун Арашан айылында табылган эшек эттери боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу 3-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 1-сентябрь күнү териси сыйрылган эшектердин табылганы жөнүндө кабарланган. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер үч эшекти көрүшкөн.
Арашан айылынын жашоочусу, 30 жаштагы Д.А. 31-августка караган түнү белгисиз жагдайда анын эшектери жоголгонун айткан. Эртеси мал жайып жүрүп эшек эттерин көргөнүн, бул боюнча айыл өкмөт башчысына кабар бергенин маалымдаган. Бул боюнча кимдир бирөөгө дооматы жок экенин кошумчалап, арыз жазган эмес. Арашан айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан эшектер көмүлүп, учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Аламүдүн райондук ички иштер органдарынын тергөө бөлүмү тарабынан окуяга юридикалык жактан баа берилет.